05.02.2019 18:16

«Манас» эл аралык аэропортунан бомба табылган жок

«Манас» эл аралык аэропортунан бомба табылган жок

«Манас» эл аралык аэропортунан бомба табылган жок. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Учурда аба майдан адаттагы режимде иштеп жатат. Сыртка чыгарылган кызматкерлер жана жүргүнчүлөр өз ордуларына кайтышты. 

Эскерте кетсек,  буга чейин Коопсуздук кызматына «Манас» эл аралык аэропортунда бомба бар деген маалымат түшүп, имаратка саперлор жөнөтүлүп, курчоого алынган.

Улуттук коопсуздук кызматы бул маалыматты берген адамдын өздүгүн тактоо иштерин улантууда.